Ат-Башы ГЭСи күз-кыш мезгилине даярык көрдү

Ат-Башы ГЭСи күз-кыш мезгилине даярык көрдү

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Ат-Башы ГЭСинде иштер жүргүзүлдү. Мындан, пландын негизинде 2-СШ (секция шин) ОРУ-110кВ жана Т-2 (трансформатор силовой), В-110-Т-2, гидроагрегат 3 кышка даярдык үчүн учурдагы оңдоого чыгарылып, толугу менен иштер кылынып бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Кылынган жумуштардын алкагында 2-СШ 110кВ выключателдерди тазалоо, майлоо жана толугу менен испытаниядан өткөрүлдү. Ошондой эле фазировкалары краскаланды, 110кВ разъединителдер контактылары тазаланып испытаниядан өттү, порталдарды сырдоо жана покраска иштери болду.

Трансформатор суу менен жуулуп,  тазаланып, толугу менен испытаниядан өткөрүлдү. Андан тышкары, контактылары текшерилип кайрадан болттор тартылып чыгарылды.

Ат-Башы ГЭСнин жылдык ондоо графиги боюнча учурдагы ондоолор,  куз-кыш мезгилине даярдыктар толугу менен аяктады.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип,

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы тергөө абагынан бошотулду

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы тергөө абагынан бошотулду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди башка жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотту. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 22-ноябрында, бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Алардын арасында Дамир Мусакеев да болгон. Дамир Мусакеев Алмазбек