Бишкектин энергетиктерине 46 млн сомдук 11 жаңы атайын техника тапшырылды – фото
2023-жылдын 8-августунда Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында кезектеги техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Бул атайын техникалар 2023-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган.
Алынган 5 дана манипулятор краны жана 6 дана ыкчам бригадалык атайын автоунаанын жалпы суммасы 46.468 000 сомду түздү. Татаал шарттагы жумуштарды тейлөөгө ылайыкташтырылып алынган атайын автоунаалар 7 облустагы алыскы, тоолуу РЭТтерге бөлүштүрүлүп берилди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техниканы тапшырып жатып, энергетиктердин аткарып жаткан иштери алдыга жылышы үчүн аларга керектүү баардык шарттарды түзүп берүү жетекчиликтин милдети экенине токтолду. Муну менен катар министр алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин мойнундагы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.