«Евразиялык сактык банкында» убактылуу администрация режими токтотулду
![«Евразиялык сактык банкында» убактылуу администрация режими токтотулду](/content/images/size/w1200/2023/08/eurasian-savings-bank-large.webp)
2023-жылдын 4-августунда Улуттук банк башкармасы тарабынан «Евразиялык сактык банкы» ААКсында убактылуу администрация атайын режими токтотулгандыгы тууралуу чечим кабыл алынган. Бул тууралуу КРУБ билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим 2023-жылдын 10-августунан тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, 2023-жылдын 23-июнунан тартып 6 (алты) айлык мөөнөткө убактылуу администрация атайын режими киргизилген.