Ветеринария кызматына 599 млн сом бөлүндү
![Ветеринария кызматына 599 млн сом бөлүндү](/content/images/size/w1200/2023/09/4b2952bc9d5eb768c707f67a5f719d45_XL.jpg)
Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 2023-жылга такталган бюджет 749 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, бюджеттик каражаттар 743.6 млн сомду түзөт. Анын ичинде:
- эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86.9 млн сом;
- ветеринардык диагностикага – 205.6 млн сом;
- жаныбарларды идентификациялоого – 30 млн сом.
2023-жылдын 31-августуна карата каралган каражаттын эсебинен 599.1 млн сом каржыланды.
Жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137 млн сом каралган.