Кыргызстан менен Кытай айыл чарба багытындагы кызматташтыгы тууралуу талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай айыл чарба багытындагы кызматташтыгы тууралуу талкуулашты

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Янлинь шаарында тп жаткан "30-Янлинь" айыл чарба технологияларынын көргөзмөсүнүн алкагында Кытайдын Шэньси провинциясынын жогорку даражалуу жетекчилери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын лидерлери соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында туруктуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар негизги маселелерди талкуулашты.

Эки тарап тең айыл чарба тармагында биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешип, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө агротехнологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу, айыл чарбасын модернизациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, айыл чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо маселелери талкууланды.

Аталган жолугушуу ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын айыл чарба министрлеринин биринчи жолугушуусунун бир бөлүгү жана Борбордук Азиядагы аймактык туруктуулукту жана айыл чарбаны өнүктүрүүнү бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 105 гектар жерге өндүрүш аймагы курулат

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 105 гектар жерге өндүрүш аймагы курулат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жаңы өндүрүш аймагын жайгаштырууга ылайыктуу жер тилкелерин көрүп чыкты. Калаа жетекчилигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 105 гектар жерге жаңы өндүрүш аймагын куруу көздөлүүдө. Учурда аймактын мүмкүнчүлүктөрү жана анда жайгаштырыла турган жайлардын багыттары такталып жатат. Белгиленгендей, долбоор

Чувашиядан Кыргызстанга асыл тукум мал алып келүү маселеси талкууланды

Чувашиядан Кыргызстанга асыл тукум мал алып келүү маселеси талкууланды

4-сентябрда айыл чарба министринин орун басары Илич Марсбек уулу Чуваш Республикасынын айыл чарба министри Андрей Макушев менен видеоконференция өткөрдү. Жолугушууда Чувашиядан Кыргызстанга голштино-фриз породасындагы асыл тукум кунаажындарды жана бордоого арналган букаларды экспорттоо маселеси талкууланды. Тараптар ветеринардык талаптарды, логистиканы жана экспорттук көлөмдөрдү макулдашуу маселелерин карашты. Ошондой эле Чувашиянын аймагында

Өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы абалы талкууланды

Өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы абалы талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында калкты жана экономика субъекттерин күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча жыйын өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы кырдаал талкууланды. Жыйынга Энергетика министрлигинин, "АБанк"