Талас облусу бюджеттен 153.8 млн сомго каржыланган
![Талас облусу бюджеттен 153.8 млн сомго каржыланган](/content/images/size/w1200/2023/09/EFF4E827-21D9-4D0B-90ED-FADC5371697B_cx0_cy15_cw0_w1200_r1.jpg)
2023-жылдын 8 айында Талас облусун каржылоого республикалык бюджеттин эсебинен 153.8 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер:
теңдөөчү трансферт – 128.5 млн. сом;
ыйгарым укуктарды берүүгө – 10.5 млн. сом;
электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.4 млн. сом;
жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13.4 млн. сом.
Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренеси боюнча 60 объектиге 221.5 млн сом жумшалды.