Акылбек Жапаров: кыргыз-казак форумунда 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Акылбек Жапаров: кыргыз-казак форумунда 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тараз шаарында өткөрүлгөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтыгынын Биринчи форумуна катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров ошондой эле аймактар ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өз ара кызыкчылык туудурган жаңы кадамдарды табуу кызыкчылыгында биргелешкен кадамдарды жасоо керектигин кошумчалады.

Минкаб төрагасы бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү жаңы меморандумдар өндүрүштүк-техникалык продукцияларды, сырьелорду, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүк жана жашылча-жемиштерди өз ара жүгүртүүдө жагымдуу шарт түзүлөөрүн билдирди.

Мындан тышкары, КР менен Казакстандын Биринчи аймактар аралык форумунун алкагында казак-кыргыз ишкерлеринин ортосунда бизнес диалогу дагы болуп өттү. Анын алкагында 60 млн доллардан ашуун эки тараптуу коммерциялык макулдашууларга жана келишимдерге кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы абалы талкууланды

Өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы абалы талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында калкты жана экономика субъекттерин күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча жыйын өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы кырдаал талкууланды. Жыйынга Энергетика министрлигинин, "АБанк"

Манас шаарында селден коргоочу тосмолор бекемделет

Манас шаарында селден коргоочу тосмолор бекемделет

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте курорттук жана дача аймактарындагы селден коргоочу атайын тосмолордун абалын текшерди. Калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алдыдагы жаан-чачындардан улам суу ташкынын алдын алуу максатында тосмолор бекемделип, топтолгон калдыктар тазаланат. Ошондой эле зарыл болгон жерлерге кошумча тосмолорду куруу боюнча

Жаңы "Ош" базары толугу менен мамлекетке таандык болот

Жаңы "Ош" базары толугу менен мамлекетке таандык болот

Жаңы "Ош" базары 100% мамлекетке таандык болот. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев базардын курулушу менен таанышуу учурунда билдирди. Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда жаңы базардын курулушу болжол менен 90%га аткарылды. Каныбек Туманбаевдин айтымында, базардын ишмердүүлүгү толугу менен санариптик форматка өткөрүлөт. Базар администрациясы менен соодагерлердин

Эмгек министрлиги жарандарды кабыл алып, маселелерин укту

Эмгек министрлиги жарандарды кабыл алып, маселелерин укту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар турак жай, жер жана мүлк маселелери, балдарына байланыштуу укуктук маселелер, жеке мүнөздөгү кайрылуулар, ошондой эле кохлеардык аппарат менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрүн билдиришти. Ар бир кайрылуу боюнча жарандарга