"Кепилдик фонддун" колдоосу менен ишкерлер 4 млрд 107 млн сом насыялык ресурс тарткан

"Кепилдик фонддун" колдоосу менен ишкерлер 4 млрд 107 млн сом насыялык ресурс тарткан

“Кепилдик фонд” ААКсынын башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакеров Чех Республикасынын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Марат Жаанбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Чехиядагы экспортко багытталган ишканаларды колдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

“Кепилдик фонд” өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүп, экспорт жана импортту алмаштырууга багытталган ишканаларга артыкчылык берет”, - деп белгиледи Малик-Айдар Абакеров.

Бүгүнкү күндө кепилдик колдоосун алган экспортко багытталган компаниялар сырттан каржылоо тартуу, өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы чет элдик рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушууда. 

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспортко багытталган ишканаларга берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 1 млрд 175 млн сомдон ашкан. Кепилдик колдоосу аркылуу ишкерлер 4 млрд 107 млн сомдон ашык насыялык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана бул алардын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүнө шарт түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500