Кыргызстан балы IV Эл аралык бал фестивалында жогору бааланды

Кыргызстан балы IV Эл аралык бал фестивалында жогору бааланды

 Кыргызстандык балчылары Наманган шаарында 24–26-октябрь күндөрү өткөн IV Эл аралык бал фестивалына катышып, аларды алып барган продукциялары жергиликтүү тургундардын, фестиваль катышуучуларынын мактоосуна арзыганын “Кабар” мааымат агенттиги жазды.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген балчылар экологиялык таза тоо балынын жана аарычылык продукцияларынын түрлөрүн көрсөтүштү.

Наманган облусунун хокимиятынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын балына болгон кызыгуу жогору болуп, керектөөчүлөр арасында чоң суроо-талап жаралган. Фестивалдын алкагында илимий-практикалык конференциялар, спорттук мелдештер, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү жана концерттик программалар уюштурулду.

Быйылкы иш-чарага 150дөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик бал аарычылар катышып, фестивалды 2,5 миңге жакын чет элдик жана 10 миңге чейин жергиликтүү туристтер көрүштү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте бир нече автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө, импорттоого тыюу салынышы мүмкүн

Бишкек ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар

Дары чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Караколдогу “Хан-Теңири” комплексинин экинчи этабында 530 батирдин ачкычы тапшырылды