Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырууда

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырат. Ведомствонун маалыматына караганда, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу пайдалануунун, мол түшүм жана туруктуу киреше алуунун ишенимдүү жолу болуп саналат.

Күздүк буудайдын артыкчылыктарынын бири — жогорку түшүмдүүлүк. Ал жаздык буудайга салыштырмалуу 20%га чейин көбүрөөк түшүм берет. Мындан тышкары, ал эрте бышат, бул талааны эрте бошотуп, экинчи түшүм алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Күзүндө топуракта ным көбүрөөк болгондуктан, күздүк буудай кургакчылыкка туруктуу жана азыктандыруучу заттарды жакшы топтойт. Ошондой эле күзүндө отоо чөптөр азыраак чыгып, дыйкандардын эмгегин жеңилдетет.

Министрлик белгилегендей, күздүк себүү дыйкандарга жазгы иштерди жеңилдетүүгө жана убакытты туура пайдаланууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

20-июнда жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Чүй проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жаңы жол чырак объектилеринин иштөө алгоритми, унаа агымына тийгизген таасири жана белгилүү бир убакыт

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жаңылоо иштеринин алкагында Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 23-июндан тарта иштер Фучик көчөсүнөн тартып “Манас” эл аралык аба майданына чейинки тилкеде башталат. Оңдоп-түзөө иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт. Иштер жүрүп жаткан учурда жол

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 120-121- чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды. Каттам эки тараптуу ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, Кызыл-Булак – Тамаша автожолунун  0-чакырымында 200 метр аралыктагы жолду сел алып кеткен.  Учурда жеринде министрликтин №46

Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

20-июнда саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Талас облусундагы Тараз – Нылды –Покровка унаа жолунун 13–14-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыккан. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде №19 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери