Кыргызстан менен Корея жашыл энергия боюнча кызматташтыгын бекемдейт

Кыргызстан менен Корея жашыл энергия боюнча кызматташтыгын бекемдейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов күн мурун Бишкек шаарында өткөн “Корея-Борбор Азия Энергетика жумалыгы” аттуу эл аралык форумга катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Форум Корея менен Кыргызстан ортосунда өнөр жай тармагында кайра жаралуучу энергия жана интеллектуалдык энергия системаларынын өнүгүшүн бекемдөөгө, ошондой эле диалог, инвестиция жана ишкердик кызматташтык үчүн платформа түзүүгө багытталды.

Форумдун алкагында КРнын Экономика жана коммерция министрлиги, Корея Республикасынын Наджу шаарынын Өкмөтү жана “Энергетикалык өрөөн” Ишкердикти өнүктүрүү институту (EVEDI) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул документ жаңылануучу энергия, төмөн көмүртектүү технологиялар, акылдуу энергия системалары жана кадрларды даярдоо багыттарындагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана көмүртек чыгындыларын кыскартуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип иштеп чыгып, илгерилетүүгө макулдашты. Меморандум кореялык компаниялардын технологиялары жана тажрыйбасы менен алмашуу, биргелешкен форумдарды, изилдөө демилгелерин, билим берүү программаларын жана компетенцияларды жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү карайт.

Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө маанилүү салым кошуп, алдыңкы энергетикалык чечимдерди тартууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media