Кытай инвесторлору Жыргалаң курортун курууга кызыкдар

Кытай инвесторлору Жыргалаң курортун курууга кызыкдар

Кытайдын буга чейин ири мейманканаларды курган инвесторлору "Ала-Тоо Резорт" курортун курууга кызыкдар экенин "Ала-Тоо Резорт" ишканасы маалымдады.

Маалыматта коңшу мамлекеттен келген курулуш компаниялардын өкүлдөрү МинКаб чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов менен биргеликте курорт курула турган аймакты жеринен көрүштү.

Ушул тапта Садыр Жапаровдун демилгеси, мамлекеттин колдоосу менен курулушу башталган бул ири курортко барчу жолдордун, ошондой эле асма аркан жолдун, таза суу объектилеринин курулушу да кызуу жүрүп жатат. Инвесторлор Жыргалаң шаарчасы курулуп жаткан жер тилкелерин алуу үчүн аукциондун экинчи этабына катышуу ниетин билдиришкен.

Эске салсак Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонанын алгачкы этабы июль айында өткөн. Анда курула турган обьектилердин жер тилкелерин 14 лот менен жергиликтүү инвесторлор уткан.

Эми аукциондун экинчи этабы жакынкы күндөрү жарыяланып, дагы 35 лот аукционго коюлат.

Мындан тышкары окуңуз

Жумгалда 4 жыл ичинде 24 объект пайдаланууга берилген

Жумгалда 4 жыл ичинде 24 объект пайдаланууга берилген

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, райондун акими Жаныбек Исаков Мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары

Соң-Көл жайлоосундагы мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Соң-Көл жайлоосундагы мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Соң-Көл жайлоосунда курулуп жаткан туристтик объектилерде бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектилер уруксат берүүчү документтерсиз курулуп

Инвестиция агенттиги эл аралык компания менен өнөктөштүктү талкуулады

Инвестиция агенттиги эл аралык компания менен өнөктөштүктү талкуулады

23-июнда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров архитектуралык долбоорлоо, инженердик чечимдер жана инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү багытында иш алып барган "James Cubitt & Partners" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын жана келечектеги кызматташуу багыттарын

Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

22-июнда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка караганда, сел сууларынын кесепетинен турак үйлөрдү, короо-жайларын, административдик имараттарды, автоунааларды, ички жолдорду жана