Байтик айылында көп функционалдуу агроөнөр жай комплексинин курулушу башталды

Байтик айылында көп функционалдуу агроөнөр жай комплексинин курулушу башталды

Бүгүн Аламүдүн районунун Байтик айылында көп функционалдуу агроөнөр жай комплексинин курулушуна капсула салуу аземи болуп, ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышып, долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

12 миллион долларлык инвестиция менен курула турган көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси “Кыргыз Агрохолдинг” ААК жана Түштүк Кореянын “DOD Company” компаниясы менен түзүлгөн Инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат. Министр Төрөбаев кореялык компанияга терең ыраазычылык билдирип, муну Кыргызстан үчүн олуттуу өнөктөштүк деп баалады.

Долбоордун алкагында дүйнөлүк рынокто кеңири колдонулган минус 35°С тоңдуруу технологиясы киргизилет. Бул ыкма эттин табигый түзүлүшүн жана сапатын толук сактоого, кошумча затсыз узак мөөнөткө сактоого, салмагын жана түсүн өзгөртпөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай стандарттар Түштүк Корея, Япония сыяктуу жогорку талаптагы рынокторго толук шайкеш келет.

Министр белгилегендей, комплекстин курулушу:

  • фермерлер үчүн жаңы рынокторду ачат,
  • өндүрүштү заманбап технологияларга өткөрөт,
  • экспорттук потенциалды жогорулатат,
  • инвесторлор үчүн ишенимдүү шарттарды түзөт,
  • Кыргызстандын агрардык экономикасынын өсүшүн тездетет.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.