Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда жеткиликтүү

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда  жеткиликтүү

Эми HUMO картасынын ээлери Кыргызстанда сатып алгандары үчүн төлөп, накталай акча чыгара алышат, ал эми “Элкарт” карталарынын ээлери Өзбекстанда дал ушундай эле кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат.

Бул тууралуу “Элакарт” улуттук төлом системасынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, саякаттарды ыңгайлуу кылып, транс чек аралык финансылык кызматташтыкты бекемдейт. Кардарлар үчүн бул валютаны алмаштырбастан же эл аралык карталарды колдонбостон акча төлөп, нак акчаны чыгаруу дегенди билдирет.

Бизнес үчүн – кошуна өлкөнүн карталарын кошумча чыгымдарсыз кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, ал эми банктар үчүн – системалардын ортосунда түз алмашуунун жардамы менен чыгымдарды азайтуу жана операцияларды тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө