Мэрия шаардын арык системасынын санарип картасын түздү

Мэрия шаардын арык системасынын санарип картасын түздү

Бишкек мэриясы борбордун арык системасынын санарип картасын түздү. Анда алмаштырууну талап кылган участоктор жана жаңы системаны киргизүүгө зарыл болгон жерлер көрсөтүлгөнүн вице-мэр Рамиз Алиев Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Буга чейин "Ынтымак" фракциясынын депутаты Казыбек Эргешов борбордун ирригациялык системасынын абалы жөнүндө маселе көтөргөн. Ал ирригацияга 600 млн сом бөлүнгөнүнө карабастан, иштер дээрлик башталбаганын айткан.

Вице-мэрдин айтымында, учурда 20 километрден ашык сугат түтүктөрү  жана 5 километрге жакын ирригация тартылган. Ал объектилердин так жайгашкан жерлерин, фото жана видеолорду кошо берүүгө убада кылды.

Депутаттын шаардагы ирригациялык тармактын жалпы узундугу тууралуу суроосуна жооп берип, Алиев анын көлөмү 410 километр экенин, анын 90 километрин магистралдык линиялар түзөрүн айтты. Эсептик мезгил ичинде 20 километрге жакын иштер аткарылган.

Р.Алиевдин маалыматына караганда, ирригациялык системанын 100 километрге жакын бөлүгү оңдоону талап кылат. Анын айтымында, мэрия Бишкектин арык системасынын санарип картасын түзүп, анда бардык каналдардын жайгашуусу көрсөтүлгөн. Картада алмаштырууга муктаж участоктор жана жаңы система тартылышы керек болгон аймактар белгиленип, ар кандай түстөр менен категорияларга бөлүнгөн.

Өз кезегинде К.Эргешов жаан-чачын жана кар эриген маалда иштебеген ирригация системасынын айынан шаарда суу каптоо учурлары көп болорун айтты. Депутат жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, жаандан кийин суу үйлөрдүн ичине чейин кирген учурларды мисал келтирди.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө