Bloomberg басылмасына КРнын каржы жана экономикалык абалы тууралуу маалымат берилди

Bloomberg басылмасына КРнын каржы жана экономикалык абалы тууралуу маалымат берилди

Финансы министрлиги биринчи жолу дүйнөлүк Bloomberg басылмасына маек берип, өлкөнүн каржы жана экономикалык саясатындагы негизги багыттары тууралуу маалымдады.

Маекке Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын башчысы А.Абдыбапов жана ОАО «Виртуалдык активдер эмитенти” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы - Мамытов Бийболот катышкан.

Министрлик белгилегендей, Кыргызстандын бекем фискалдык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрү өлкөгө биринчи жолу суверендүү еврооблигацияларды чыгарууга мүмкүндүк берген. Алар тарткан каражаттар инфраструктураны, энергетика секторун жана каржы тутумун күчөтүүгө багытталууда.

Маектин өзгөчө бөлүгү дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик стейблкоин USDKG, физикалык алтын менен камсыздалган долбоорго арналды. Бул долбоор трансчегаралык эсеп-кысаптарды өнүктүрүү, инвестициялык тартышты жогорулатуу жана өлкөнүн каржы башкарууну бекемдөө үчүн стратегикалык инструмент катары каралууда.

Ошондой эле мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана бюджеттик саясаттын сабаттуулугу белгиленип, бул эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин сактоого жана кошумча инвестицияларды тартууга шарт түзөрү айтылды.

Бул маек Bloomberg басылмасында кийинки жумада жарыяланышы күтүлөт.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-кипр кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

XXIX Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын делегациясы бир катар иш-чараларга катышып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган жаңы келишимдерди түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча төрт документке кол койду. 4-июнда Санкт-Петербург соода-өнөр жай

Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя – Нефти – Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун кеңейтүү иштери дээрлик аяктап, учурда шагыл төшөө жумуштары жасалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда бул жолдун туурасы болгону 7 метр болуп, тар жана асфальтталбаган жол болгон. Азыр ал 10-12 метрге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жаңы редакциядагы мыйзам жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын камсыздоого багытталган. Ошондой эле кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жаатындагы өз ара мамилелеринин укуктук