Япония менен соода-экономикалык кызматташтык кеңейет
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Япониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Хирано Рюичи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда министр Сыдыков элчини жаңы кызматы менен куттуктап, Япония Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин жана эки өлкө ортосунда достук мамиле үзгүлтүксүз бекемделип келе жатканын белгиледи.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин карашты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн туруктуу механизм түзүүнүн мааниси белгиленди.
Жолугушууда министрлик JICA колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун жүрүшү жана анын келечектеги багыттары да сөз болду.


