ЕАЭБ ичиндеги эсептешүүлөрдө улуттук валюталар үлүшү 93%га жетти

ЕАЭБ ичиндеги эсептешүүлөрдө улуттук валюталар үлүшү 93%га жетти

ЕАЭБнин Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйынында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин биримдик ичиндеги эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү 93%га жеткенин билдирди.

"Биримдик ичиндеги эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү 93%га жетти. Ал эми россиялык бизнес менен "бештикке" кирген башка өлкөлөрдүн ишкерлеринин ортосундагы тышкы соода келишимдеринде бул көрсөткүч 98%дан ашты", — деди ал.

Анын айтымында, 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөр боюнча ЕАЭБнин алдын ала жыйынтыктары жакшы болуп жатат. Союзга кирбеген мамлекеттер менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү боюнча да кызыгуу бар.

"Евразия аймагында транспорттук байланыштарды чыңдоону улантып жатабыз. Бул жерде заманбап чечимдерди, биринчи кезекте логистикалык инфраструктураны жаңылоо жана транспорт коридорлорун санариптештирүү боюнча ыкмаларды тездетип киргизүү абдан маанилүү. Бул иштеп жаткан багыттардын өткөрүү жөндөмүн жогорулатып, жүктөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", — деп кошумчалады Михаил Мишустин.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө