"Коопсуз шаар" боюнча чегерилген 250 миң сомдон ашык айып пулду өндүрүү иши башталды.

"Коопсуз шаар" боюнча чегерилген 250 миң сомдон ашык айып пулду өндүрүү  иши башталды.

Учурда Сот аткаруучулар кызматынын аткаруусунда ЖКККББ кызматкерлери жана "Коопсуз шаар" системасы тарабынан чыгарылган 250 000 ашык административдик айып пул бар.

 Буга байланыштуу республика боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жана башка аткаруу документтерин өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо аракети көрүлүүдө.

Сот аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан, "Коопсуз шаар" системасынан, ошондой эле райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнөн келип түшкөн протоколдор боюнча мамлекеттин пайдасына акча каражаттарын өз убагында өндүрүп алуу максатында активдүү иштер башталды.

 Аткаруу документтери боюнча өндүрүштү натыйжалуу жана өз убагында камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы тарабынан ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте мобилдик топтор уюштурулган. Алар административдик айып пулдар боюнча карыздарды аныктоо жана өндүрүү, ошондой эле мамлекеттин кирешесине конфискацияланган автотранспорт каражаттарын аныктоо жана кайрылуу боюнча чараларды көрүшөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө