Өзбекстантын алтын-валюта резеврдери 61, 2 млрд долларга жетти
Өзбекстандын Борбордук банкы ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алтын-валюта резервдери 61,2 млрд долларга жетип, бир ай ичинде 1,9 млрд долларга өскөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы айларда резервдер туруктуу жогорулап, августта 1,34 млрд долларга, сентябрда 4,9 млрд долларга, октябрда 4,3 млрд долларга көбөйгөн. Жыл башынан бери резервдердин жалпы өсүшү 20 млрд долларды түздү.
Ноябрь ичинде валюталык активдердин көлөмү 10,9 млрд доллардан 9,8 млрд долларга түшкөнү менен, резервдердеги алтындын наркы 3 млрд долларга өсүп, 50,9 млрд долларга жетти. Алтындын физикалык көлөмү да 11,9 млн трой унциядан 12,2 млн трой унцияга көбөйгөн.
Ошол эле учурда, Борбордук банктын портфелиндеги эл аралык баалуу кагаздардын көлөмү 1 млрд доллардан 1,5 млрд долларга чейин өстү. Жыл башында бул көрсөткүч 101,7 млн доллар гана болчу.