Транспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер берилет
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка ылайык, автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер каралган.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, Жарлык төмөнкүлөрдү камтыйт:
– үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу;
–жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автомототранспорт каражаттарын сатууда алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу;
– Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу.
Бул биздин өндүрүштү түздөн-түз колдоо болуп саналат.