Түркия Кыргызстанга 6 айда 100 млн доллар инвестиция салды

Түркия Кыргызстанга 6 айда 100 млн доллар инвестиция салды

Ушул жылдын алты айында Түркиядан Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 100 млн долларга жакындады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев EkoAvrasya фонду тарабынан уюштурулган жолугушууда билдирди.

Иш-чарага фонддун төрагасы Хикмет Эрен баштаган 40ка жакын түрк ишкери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Казакбаев Кыргызстандын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, либералдуу салыктык режим, кеңири инвестициялык преференциялар жана ЕАЭБ рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди.

Элчи белгилегендей, инвестициянын бул көлөмү түрк бизнесинин Кыргызстанга болгон ишениминин жогору экенин жана өлкө менен Түркиянын экономикалык кызматташуусунун өсүп жатканын көрсөтүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Того Республикасын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, мамлекет башчысы Тогонун министрлер кеңешинин төрагасынын апрель айында Бишкекке

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.  “Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Шавкат Мирзиёев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Өзбекстандын президентине

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди.  “Манас” эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары бул жолугушуу кыргыз-лаос мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Садыр