Бишкекте БА менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын талкуулаган форум өтөт

Бишкекте БА менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын талкуулаган форум өтөт

12-декабрда Бишкекте 2026-жылдын 4–5-февралында өтө турган Экинчи "В5+1" Форумун даярдоого арналган брифинг болуп өттү. Ага Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум 2025-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо өткөн "С5+1" саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Ал Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Тышкы иштер министрлиги "В5+1" демилгеси аймактык интеграцияны бекемдөөгө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал эми Экономика жана коммерция министрлиги форумдун алкагында айыл чарба, IT жана электрондук коммерция, транспорт жана логистика, туризм, банк сектору жана критикалык минералдар негизги багыттар болорун билдирди.

Форумдун Бишкекте өтүшү мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Того Республикасын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, мамлекет башчысы Тогонун министрлер кеңешинин төрагасынын апрель айында Бишкекке

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.  “Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Шавкат Мирзиёев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Өзбекстандын президентине

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди.  “Манас” эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Садыр Жапаров Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары бул жолугушуу кыргыз-лаос мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Садыр