11 айдын жыйынтыгы менен 275 млрд сом салык жыйналды

11 айдын жыйынтыгы менен 275 млрд сом салык жыйналды

КРда жүргүзүлүп жаткан салык реформаларынын негизги максаты жаңы салык же кошумча ставкаларды киргизүү эмес, көмүскөдө иштеп келген ишкерлерди ачык иш алып барууга тартуу жана салык базасын кеңейтүү болуп саналат.

Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылга карата салык жыйноо планы 268 млрд сом деп белгиленген. Бирок жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана натыйжалуу иштердин эсебинен бул көрсөткүч жыл аягына чейин 303 млрд сомго чейин жетет деген үмүт бар. Жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен эле 275 млрд сом салык жыйналып, белгиленген план ашыгы менен аткарылды.

Кубанычбек Ысабеков белгилегендей, учурда жаңы салык түрлөрү киргизилген жок. Тескерисинче, ишкерлерди колдоо максатында бир катар жеңилдиктер берилип, айрым салык ставкалары төмөндөтүлдү. Мисалы, зергерчилик тармагында мурда сатуудан алынуучу салык 4 пайызды түзсө, ал 2 пайызга чейин кыскартылды.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Бул документ зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16