Борбор Азияда 10 жылда суу ресурстары 12%га азайды

Борбор Азияда 10 жылда суу ресурстары 12%га азайды

Калктын жан башына туура келген калыбына келүүчү суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгү акыркы он жыл ичинде дагы 7%га кыскарганы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) жарыялаган AQUASTAT маалымат базасынын жаңы сереп баяндамасында айтылат.

ФАОнун маалыматына ылайык, Борбордук Азия 2015-жылдан бери калктын жан башына туура келген жеткиликтүү кайра жаңылануучу суу ресурстарынын 12%ын жоготкон, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

FAO адистери суу тартыштыгынын деңгээлин өлчөө үчүн "суу стресси"  деген көрсөткүчтү колдонушат. Бул көрсөткүч суу керектелүүсүнүн анын коруна (запасына) карата пайыздык үлүшүн чагылдырат. Борбордук Азия суу пайдалануусунун түзүмүнөн улам суу стрессине туш болуп жатат. Сууну сарптоонун 82%ы айыл чарбасына туура келет.

Ага карабай аймакта суу ресурстарын башкарууда оң тенденциялар да байкалып жатканын FAO кошумчалайт. Тактап айтканда, жер астындагы сууну жалпы алуу көлөмү 9%га кыскарган (2015-жылдагы 123 млн куб метрден 2022-жылы 112 млн куб метрге чейин), ал эми суу стрессинин деңгээли 76,8%дан 70,2%га чейин төмөндөгөн. Бул 8,6%дык азаюуну түзөт.

Суу стрессинин жогорку деңгээли жыл сайын алынган суунун көлөмү табигый жол менен толукталуучу көлөмгө жакындап же андан ашып кеткенин билдирет. Бул суу экосистемаларынын жана экономиканын туруктуулугуна коркунуч жаратат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө