Экономика министрлигинде бир катар аудиттик кемчиликтер аныкталды

Экономика министрлигинде бир катар аудиттик кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңеши Экономика жана коммерция министрлигинде жана анын карамагындагы мекемелерде 2022–2024-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктарын карады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аудит натыйжалуу бюджеттик тартип, ведомстволордун функцияларын так аткаруу жана министрликтин көзөмөлүн камсыз кылуу жагында системалуу кемчиликтер бар экенин көрсөткөн. Анда бюджеттик пландоо, командировкалар, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы жардам долбоорлорун башкаруу жагында белгилүү түрдө мүчүлүштүктөр табылды.

Тышкы жардам долбоорлорунун айрымдары ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуусуз, корутундуну ала албай ишке киргизилгени аныкталып, жалпы суммасы 10 млрд сомдон ашкан долбоорлордун мониторингден четте калышы мамлекеттин көзөмөл жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратаары белгиленди.

Аудит ошондой эле “Кыргыз Экспорт” мекемеси менен чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүнфункциялары кайталанып, ролдор так бөлүштүрүлбөгөнүн аныктады. Ошондой эле экспорттук келишимдерди тастыктоо процессинде документтер толук сунушталбай, комиссиялык төлөмдөр алынбагандыгы келечектеги келишимдердин ишенимдүүлүгүнө коркунуч жаратат.

Аккредитация жана стандартташтыруу тармагында каржылык башкарууда мыйзам бузуулар, регламенттердин аткарылбаганы жана ички контролдун жетишсиздиги катталды, бул улуттук тутумга болгон ишенимге терс таасир тийгизет.

Мындан тышкары экспорт иш-чараларында натыйжалуулуктун төмөндүгү, документтештирүүнүн жетишсиздиги жана мониторингдин жоктугу белгиленди.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду боюнча аудит да ири бюджеттик каражаттар талаптагыдай көзөмөлгө алынбай, мониторингсиз пайдаланылган учурларды көрсөткөн.

Эсептөө палатасы сунуш кылган негизги чаралардын катарында бюджеттик тартипти чыңдоо, ички контролду жакшыртуу, функциялардын кайталанышын жоюу жана мамлекеттик каражаттарды ачык-айкын пайдаланууну камсыз кылуу бар.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө