Кыргызстандыктар медициналык укуктарын санарип сервистен билсе болот

Кыргызстандыктар медициналык укуктарын санарип сервистен билсе болот

МинКаб жыйынында "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан эки жаңы реформанын жыйынтыгы чыгарылып, кыргызстандыктар "Саламаттыкка укук" сервиси аркылуу өздөрүнүн медициналык укуктары тууралуу маалымат ала алары маалымдалды.

Мындан ары милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылган 5,2 миллиондон ашык жаран (калктын 70%ы) жеке медициналык укуктары жана жеткиликтүү кызматтар тууралуу маалыматты тез жана оңой ала алышат. Сервиске кирүү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу мүмкүн.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы көптөн бери жарандарды акысыз медициналык кызматтар менен камсыздап келет. Бирок Министрлер кабинети белгилегендей, маалыматтын жетишсиздигинен жана ыңгайлуу инструменттин жоктугунан анын натыйжалуулугу чектелип келген. Ушуга байланыштуу "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын 100 күндүк циклинин алкагында "Саламаттыкка укук" аттуу санариптик сервис ишке киргизилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы реформалардын жаңы цикли башталганын жана анын алкагында эки багыт боюнча жыйынтыктар чыгарылганын, анын ичинде кепилденген медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселеси бар экенин билдирди. Анын айтымында, бул сервис медициналык кызматтарды калк үчүн кыйла жеткиликтүү кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө