Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

2025-жылдын 17-декабрында Кабул шаарында Экономика министри Бакыт Сыдыков Авганистандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен жолугушту.

Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан карбалашты. Билдирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкууга алынган.

Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, ошондой эле банктык кызматташууну кеңейтүү багыттарында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды билдирди.

Мындан сырткары, иш сапардын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору жана Авганистандын Соода-инвестициялык палатасы тарабынан уюштурулган кыргыз-ооган бизнес-форуму болуп өттү.

Форумдун жүрүшүндө «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров ооган бизнес-коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Иш-чаранын жыйынтыгында товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 157 млн АКШ долларын түзгөн 11 ниет келишимине кол коюлду. Бул келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциясы сыяктуу багыттарды камтыйт.

Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ош, Чүй жана Ысык-Көлдүн 126 айылы таза суу менен камсыздалат

Ош, Чүй жана Ысык-Көлдүн 126 айылы таза суу менен камсыздалат

Кыргызстанда "Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын биринчи фазасынын алкагында 126 айылдык калктуу конушту коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Анын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү

Баткенде селден жабыркаган үй үчүн 33 миң 465 сом кенемте төлөндү

Баткенде селден жабыркаган үй үчүн 33 миң 465 сом кенемте төлөндү

Баткенде селден жабыркаган үйдүн ээсине 33 миң сомдон ашык кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-июлда Боз-Адыр айылында Пазылов Канатбекке таандык турак үйгө сел кирген. Кырсыктын кесепетинен үй ээси материалдык чыгымга учураган. Турак жай алдын ала камсыздандырылгандыктан, үй ээсине 33 465 сом өлчөмүндө кенемте

Бишкектин бюджетине алты айда 22,6 млрд сом түштү

Бишкектин бюджетине алты айда 22,6 млрд сом түштү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын бюджетине 22,6 млрд сом түштү. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, алты айдын жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план 115,1%га аткарылды. Натыйжада пландагы көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түштү. Салыктык кирешелер

Даректүү тасманын жаңы горизонту: Бишкекте өтүүчү II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы  эмнеси менен маанилүү

Даректүү тасманын жаңы горизонту: Бишкекте өтүүчү II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы эмнеси менен маанилүү

10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкек шаарында режиссёрлордун, продюсерлердин жана кино сүйүүчүлөрдүн башын бириктирген, II Эл аралык UmutDoc даректүү кинолордун фестивалы өтөт. Көрүүчүлөрдү жети өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана Латвия) келген 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу тасманын сынактык көрсөтүүлөрү, даректүү кинонун мыкты чыгармаларына сереп салуу