Кызмат көрсөтүү тармагы экономикалык өсүштүн 49,3%ын түздү

Кызмат көрсөтүү тармагы экономикалык өсүштүн 49,3%ын түздү

2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү тармагы дүң продукциясынын көлөмү 1 236 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 9,3%га өстү. Бул сектор ИДПнын өндүрүш структурасында 49,3% үлүшүн ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салым кошууну улантууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Калктын кирешелеринин өсүшү, керектөө насыяларынын көбөйүшү жана ички суроо-талаптын бекемделиши кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жигердүү өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Натыйжада:

  • Дүң жана чекене соода, ошондой эле автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 15,1%га өсүп, 429,2 млрд сомду түздү. Чекене соода көлөмү негизги өсүштү камсыздады (16,9%га).
  • Транспорттук кызматтар жана жүктөрдү сактоо 10,0%га өсүп, 112,7 млрд сомду түздү. Бардык түрдөгү транспорт менен 54,4 млн тонна жүк (11,9%га өсүү) жана 603,5 млн жүргүнчү (4,1%га өсүү)ташылды.
  • Мекемелер жана ресторандар көрсөтгөн кызматтар 15,9%га өсүп, 57,5 млрд сомду түздү.
  • Маалымат жана байланыш кызматтарынын дүң көлөмү 56,7 млрд сомду түзүп, 106,1% өсүш болду.
Сектордун ИДПга кошкон салымы 4,56%дык пункт деңгээлинде бааланып, экономиканын туруктуу өсүшүнө олуттуу салым кошууда.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жигердүү өсүшү жана ички суроо-талаптын бекемделиши экономикалык туруктуулукту колдоого багытталган маанилүү фактор болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандек айыл өкмөтүндө калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик адмистрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аймакта базардын кийим-кече сатылган 80 метрлик соода аянты толугу менен оңдолуп, 50дөн ашуун ишкер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, соодагерлер үчүн 50 орундуу жаңы соода жайы да

"Менин шаарым" тиркемесинин активдүү колдонуучулары 573 миңге жетти

"Менин шаарым" тиркемесинин активдүү колдонуучулары 573 миңге жетти

"Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучуларынын саны 573 миңге жетти. Тиркеме жалпысынан 1,5 миллиондон ашык жолу жүктөлүп, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч 6%га өскөн. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Ошондой эле Бишкекте "Акылдуу автобус аялдамасы" системасы иштелип чыгып,

Ош, Чүй жана Ысык-Көлдүн 126 айылы таза суу менен камсыздалат

Ош, Чүй жана Ысык-Көлдүн 126 айылы таза суу менен камсыздалат

Кыргызстанда "Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын биринчи фазасынын алкагында 126 айылдык калктуу конушту коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Анын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү