Англия Өзбекстандын 4, Кыргызстандын 1 компанияларын антироссиялык санкциялар тизмесине кошту

Англия Өзбекстандын 4, Кыргызстандын 1 компанияларын антироссиялык санкциялар тизмесине кошту

Улуу Британия антироссиялык санкциялар тизмесин жаңылап, ага Өзбекстандан төрт компанияны жана Кыргызстандагы бир компанияны кошту. Бул ишканалар Россия менен экономикалык кызматташтык кылган деп шектелүүдө. Ушуга байланыштуу Лондон 18-декабрдан тартып аларга каршы активдерди тоңдурууга кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизери Улуу Британиянын Казына министрлигинин документтеринде айтылат.

Өзбекстанда катталган жана санкциялык тизмеге киргизилген компаниялар:

  • Фергана химиялык заводу;
  • "Gelion Business Trade" ЖЧКсы (Ташкент);
  • "Chemistry International" СП ЖЧКсы (Навои);
  • "Raw Materials Cellulose" ЖЧКсы (Жизак).

Британ бийлигинин маалыматына ылайык, бул уюмдардын баары Россияга товарларды же технологияларды жеткирген деп шектелүүдө. Ал товарлар же технологиялар РФ тарабынан Украина аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын аскердик операцияда кандайдыр бир деңгээлде колдонулган болушу мүмкүн. Башка кошумча маалыматтар келтирилген эмес.

Жаңыртылган санкциялар тизмесине Бишкекте катталган "Кифико" аттуу компания да кирди. Лондон бул ЖЧКны Россия өкмөтүн колдоду деп айыптап, аны РФ бийлиги үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каржы секторунда бизнес жүргүзгөн деп көрсөттү. Маалыматка ылайык, "Кифико" мурда Улуу Британия гана эмес, АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан да санкция салынган A7 компаниясы менен байланышта экени айтылат.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ишканалардан тышкары, жаңыртылган санкциялар тизмесине Россиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан да уюмдар киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

21-августта Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган отурум өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Коллегиялык отурумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, депутат Гүлнара Баатырова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле министрликтин

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 25-августта суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 25-августта суу өчүрүлөт

25-августта Бишкектин бир катар аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Саат 09:00дөн 21:00гө чейин Политехническая жана Водопроводная көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт. Буга диаметри 150 мм болгон эки клапанды алмаштыруу иштери себеп болууда. Ошондой эле саат 10:

Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Кыргызстанда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок алып өтүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Жаңы талаптар 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет. Айып пулдун өлчөмү товардын наркына жана укук бузууну ким жасаганына жараша белгиленет. Товардын наркы 500 миң сомдон аз болсо,

Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы мунай рыногунун учурдагы абалы, күйүүчү май импорттоо жана керектүү запастарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар менен иштеген компанияларга