Бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүүдөн бюджетке 1,5 млрд сом түшүрдү

Бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүүдөн бюджетке 1,5 млрд сом түшүрдү

2025-жылы Мамлекеттик бажы кызматындагы Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы өз ишинде жогорку натыйжалуулукту көрсөттү. Бул тууралуу Бажы кызматынан маалымдашты.

Январь-декабрь айларында бажы мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 9 604 факт аныкталып, анын 9 100ү административдик укук бузуулар, ал эми 504ү кылмыш фактылары болуп, материалдар Бажынын иликтөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Бул иштердин жыйынтыгы менен мамлекетке чоң көлөмдө каражаттар кайтарылып, кошумча кирешелер пайда болду. Материалдык зыяндын орду толтурулган сумма 1,1 млрд сомдон ашып, мамлекеттин кирешесине транспорт каражаттары жана башка мүлк, анын ичинде кымбат баалуу металлдар 326 млн сомдон ашык баада берилди.

Жыйынтыгында бюджетке кошумча түшкөн жалпы сумма 1,5 млрд сомду түзүп, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 603 млн сомго көп болду. Бул Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын тарыхында эң жогорку натыйжа болуп эсептелет.

Учурда башкы башкармалык мыйзам бузууну алдын алуу, товарларды мыйзамсыз ташуунун тобокелдиктерин азайтуу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүн улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда эки күн ичинде түндө көчөдө жүргөн 101 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда эки күн ичинде түндө көчөдө жүргөн 101 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында "Өспүрүм-түн" аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда эки күндө түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосуз жүргөн 101 өспүрүм аныкталган. Аталган өспүрүмдөрдүн

Бишкекке акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

Бишкекке акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

Бишкек шаарына акыркы эки жылда 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция тартылды. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, тартылган каражаттар коммуналдык жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, калдыктарды кайра иштетүүгө, көп функционалдуу комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди жаңылоого багытталууда. Учурда Бишкекте бир катар ири

Манас шаарында газдалган суусундук сатуучу жайлардын коопсуздугу текшерилди

Манас шаарында газдалган суусундук сатуучу жайлардын коопсуздугу текшерилди

Манас шаарында газ баллону жана газ жабдуулары колдонулган газдалган суусундук сатуучу жайларда коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө газдалган суусундук сатуучу аппараттардын техникалык абалы жана коопсуздук талаптарына шайкештиги каралды. Жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сатуучуларга эскертүүлөр берилип, аларды оңдоо үчүн 15

Бишкекте орточо эмгек акы 64 293 сомду түздү

Бишкекте орточо эмгек акы 64 293 сомду түздү

Бишкек шаарында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында номиналдык орточо айлык эмгек акы 64 293 сомду түздү. Бул 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, жылдын биринчи жарымында борбор калаада 76 млрд 4 млн сомдук өнөр