“Кыргызфармациянын” аудитинде бюджеттик жана эсептик кемчиликтер аныкталды

“Кыргызфармациянын” аудитинде бюджеттик жана эсептик кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” ишканасынын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Ишкана мамлекеттик медициналык уюмдарды жана калкты жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу максатында иштейт. Анын 2024-жылга карата бюджети 4,99 млрд сом кирешежана 4,84 млрд сом чыгаша менен бекитилип, жыл жыйынтыгында 5,63 млрд сом көлөмүндө аткарылган.

Аудиттин жыйынтыгында сатып алуу, сактоо жана эсепке алуу процессинде мыйзам талаптарына толук шайкеш келбеген учурлар, ички контролдун жетишсиздиги жана финансылык башкарууда кемчиликтер аныкталды. Ошондой эле бухгалтердик эсеп менен кампа эсептеринин айырмачылыктары, дары-дармектердин жарактуулук мөөнөтү өтүп кетиши жана “Эл Аман” филиалы боюнча кампа жана эмгек акы башкарууда кемчиликтер белгиленди.

Аудиттин сунуштары бюджеттик тартипти чыңдоого, сатып алууларды жана эсепке алуу процесстерин жакшыртууга, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган. Аныкталган айрым суммалар бюджетке кайтарылып, калыбына келтирилет. Бул чаралар “Кыргызфармациянын” натыйжалуулугун жогорулатууга жана дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыздоону жакшыртууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо айлыгы кошумча төлөмдөр жана үстөк акыларды эске алуу менен 40 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин алардын орточо маянасы 12 миң сомдун тегерегинде болгон. Эмгек акыны жогорулатуу президент Садыр Жапаровдун 26-марттагы

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокен районунда зыяндуу заттарды белгиленген ченемден ашык чыгарган эки автоунаа аныкталып, алардын ээлерине 15 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте ыкчам иш-

Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 989,5 миң адамга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматтары көрсөтүлдү. Бул өлкө калкынын болжол менен 14%ын түзөт. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиялык отурумда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ишмердүүлүк боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 410,

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош шаарында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кышка даярдык боюнча штабдын жыйынында тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери талкууланды. "Ош шаарынын жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасында үч буу казаны жылуулук берүүгө даярдалып, 3 115,3 тонна