Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Ноокат районуна караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталганын "Кабар" агенттигине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирген.  

Аталган жайды курууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы болуп саналат.

Учурда субподрядчы “Бинтек” ЖЧКсы тарабынан курула баштаган кубаттуулугу 200 жана 500 куб метрди түзгөн саркынды сууларды тазалоо жайларынын фундаменттик чуңкурлары толук казылып бүткөрүлдү. Кошумча жер иштери жана курулушка даярдоо жумуштары бекитилген планга ылайык улантылып жатат.

Долбоор 2026-жылы толук аяктап ишке берилсе, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аймактын инфраструктурасы жакшырмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Сары-Могол айылында таза суу түтүктөрү тартылууда

Оштогу Сары-Могол айылында таза суу түтүктөрү тартылууда

Ош облусунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Могол айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында 1,52 чакырым суу өткөргүч куруу пландалган. Учурда анын 1 чакырымы толугу менен тартылып бүттү. Мындан тышкары, жалпы узундугу 9,

Кара-Кужур өрөөнүндөгү социалдык жана өндүрүштүк жайлар көзөмөлдөндү

Кара-Кужур өрөөнүндөгү социалдык жана өндүрүштүк жайлар көзөмөлдөндү

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров 20-августта Кара-Кужур өрөөнүнө иш сапары менен барды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Лахол айылындагы К. Рысмендеев атындагы орто мектептин жылуулук тутумун, айылдагы спорттук комплекстин абалын көзөмөлдөдү. Мындан тышкары, Жер-Көчкү айылындагы этти кайра иштетүүчү ишкананын

Манас шаарындагы үч ири объекттен 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү

Манас шаарындагы үч ири объекттен 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү

Манас шаарында курулуп жаткан үч ири социалдык объекттин сметалык наркы кайра каралып, бюджеттен 997,4 млн сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин Манас шаарынын мэриясы тарабынан облустук клиникалык оорукананын, 5 200 орундуу спорт комплексинин жана "Акылман" Президенттик мектеп-лицейинин курулушу башталган.

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторунун бирине мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 220 миң сом айып пул салды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн салынган. Тактап айтканда, төлөм уюму төмөнкү талаптарды аткарбаганы аныкталган: * Кыргыз Республикасынын