180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалганын жана алардын бири ИИМ кызматкери экенин УКМК "Кабар" агенттигине билдирген.

14-декабрда Кыргызстандын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында атайын кызмат тарабынан 90 миң доллар накталай акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын жараны Ж.К.Т. кармалган.

Ал өзүнүн кылмыштуу шериги ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери М.А.Ж. менен биргеликте кылмыштын квалификациясын өзгөртүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен 180 миң доллар акча талап кылышкан.

Мындан тышкары, Ж.К.Т. аттуу жаранга таандык унааны тинтүү учурунда жалпы салмагы 105 грамм болгон баңгизат табылган.

Жогорудагы адамдар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон