ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот

ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,2%га өскөнү Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) материалдарында айтылат.

ЕӨБдүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда күчтүү инвестициялык жана керектөөчү суроо-талап экономиканын өсүшүнүн негизги таянычы бойдон калган.

"Негизги капиталга инвестициялар жылдык эсеп менен 18,1%га, ал эми чекене соода 9,5%га өстү. Инвестициялык активдүүлүк кийинки жылы да экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү катары сакталат деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу 2026-жылы ИДӨнүн өсүшү 9,3% деңгээлинде болот деп болжолдойбуз", — деп айтылат ЕӨБдүн баяндамасында.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Стамбулда Кыргызстандын "Qarga Group" компаниясы менен Түркиянын "ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş." компаниясы энергетикалык инфратүзүмгө учкучсуз аппараттар аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда "Qarga Group" компаниясы энергетикалык объектилерди абадан көзөмөлдөөгө арналган, өзү иштеп

Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте атмосфералык абаны булгаган автоунаа аныкталып, ал таандык болгон ишканага 23 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына шаардын түштүк тарабында автоунаадан коюу кара түтүн чыгып жатканы тууралуу жарандардан маалымат түшкөн. Анын негизинде кызматкерлер милициянын кайгуул

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар аянттагы дан эгиндери жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерге жетти. Өткөн жылы бул

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү жана көлдүн экологиялык абалын коргоо максатында өткөн үч күндүк рейдде 3700 метр синтетикалык тор жана 130 килограмм таштанды чыгарылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин негизги максаты – суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо.