В.Путин экономикалык кырдаал туруктуу экенин түз эфирде билдирди

В.Путин экономикалык кырдаал туруктуу экенин түз эфирде билдирди

2025-жылдагы Россия президенти В.Путин менен түз байланыш 4 саат 27 мүнөткө созулуп, ал ЖМК тарабынан берилген 76 суроого жооп берүүгө жетишти.

Анын жүрүшүндө, адаттагыдай эле баалардын деңгээли, салык системасындагы өзгөрүүлөр, чакан жана орто бизнести колдоо, жалпы экономика, “Владимир Путин менен жылдын жыйынтыгы” аттуу түз байланыштын негизги темасынын бири болду.

Биринчи каналдын маалыматына ылайык, сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча Россия дүйнө жүзү боюнча АКШ, Кытай жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Өз убагында кабыл алынган чечимдердин аркасында РФте экономикалык кырдаал туруктуу, деп баса белгиледи президент Путин.

“Эң негизгиси, биз бюджетти тең салмактуу сактап калууга жетиштик. Бул жерден биз өкмөттүн кеңири иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек. Анын үстүндө, бул баланстын сапаты 2021-жылдын деңгээлинде сакталып калды. Бул өлкөнүн экономикасынын жана каржы системасынын туруктуулугунун абдан маанилүү көрсөткүчү. Бул биздин калк алдындагы социалдык милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу маселелерди толугу менен чече алаарыбыздан кабар берет. Ошондой эле бул улуттук долбоорлорду өнүктүрүү маселелерин чечерибизди, технологиялык өнүгүү максаттарына жетээрибизди анан, албетте, Куралдуу күчтөрдүн муктаждыктарын канааттандыра алабыз дегенди билдирет. Мунун баары, өкмөттүн жана Борбордук банктын толугу менен көзөмөлүндөгү экономиканын жана каржы системасынын туруктуулугунан кабар берет"- деп белгиледи РФ мамлекет башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Стамбулда Кыргызстандын "Qarga Group" компаниясы менен Түркиянын "ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş." компаниясы энергетикалык инфратүзүмгө учкучсуз аппараттар аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда "Qarga Group" компаниясы энергетикалык объектилерди абадан көзөмөлдөөгө арналган, өзү иштеп

Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте атмосфералык абаны булгаган автоунаа аныкталып, ал таандык болгон ишканага 23 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына шаардын түштүк тарабында автоунаадан коюу кара түтүн чыгып жатканы тууралуу жарандардан маалымат түшкөн. Анын негизинде кызматкерлер милициянын кайгуул

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар аянттагы дан эгиндери жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерге жетти. Өткөн жылы бул

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү жана көлдүн экологиялык абалын коргоо максатында өткөн үч күндүк рейдде 3700 метр синтетикалык тор жана 130 килограмм таштанды чыгарылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин негизги максаты – суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо.