ЖЕАЭК жыйынында бир нече документтерге кол коюлду

ЖЕАЭК жыйынында бир нече документтерге кол коюлду

21-декабрда Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары: Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия бир нече документтерге кол коюшту.

- “ЕАЭБ, анын мүчө-мамлекеттери менен Өзбекстандын ортосунда ЕАЭБ жана Өзбекстан бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу келишим түзүү боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө” чечим";

- “ЕАЭБ 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө” чечим;

- “ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин 2026-2027-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө” чечим;

- “2015-жылдын 8-майындагы № 13 Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимин ишке ашыруу жөнүндө” тескеме;

- “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Импорттук бажы, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларын которуу тартиби жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” чечим;

- “Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү ыкмалары жана ЕАЭБдин жалпы финансы рыногун калыптандыруу жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” тескеме;

- "Курулуш тармагындагы долбоорлорду жетектөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын бекитүү жөнүндө" чечими;

- "ЕАЭБ алкагында туризмди өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" чечими;

- “ЕАЭБдин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында продукцияга карата милдеттүү талаптарды, ошондой эле милдеттүү шайкештикти баалоону жүргүзүүнүн эрежелерин жана жол-жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө боюнча, аталган чөйрөдө окшош (салыштырмалуу) жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, жалпы принциптерди жана ыкмаларды аныктоо жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” чечим;

- "Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү талаптарды жана жол-жоболорду бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоонун жалпы принциптери жана ыкмалары жөнүндө" Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө" чечим;

- “ЕАЭБ Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө" чечими;

  • "ЕАЭБ органдарындагы төрагалык жөнүндө" чечим;

- "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме;

- "ЕАЭБдин сотунун төрагасынын кадр маселелери боюнча ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө" тескеме.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторунун бирине мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 220 миң сом айып пул салды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн салынган. Тактап айтканда, төлөм уюму төмөнкү талаптарды аткарбаганы аныкталган: * Кыргыз Республикасынын

Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкек шаарында борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча туруктуу иштер улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар көчөлөрдү жана жол тилкелерин оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты. Иштер аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери этап-

Куршабдагы оорукананын 1950-жылы курулган имараты авариялык абалга келген

Куршабдагы оорукананын 1950-жылы курулган имараты авариялык абалга келген

Куршаб айыл аймагында саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат Жылдыз Эгенбердиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Ж.Токторбаев атындагы Куршаб жалпы дарыгерлик практика борборунун эмгек жамааты менен жолугушту. Дарыгерлердин айтымында, 1950-жылы курулган

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Стамбулда Кыргызстандын "Qarga Group" компаниясы менен Түркиянын "ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş." компаниясы энергетикалык инфратүзүмгө учкучсуз аппараттар аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда "Qarga Group" компаниясы энергетикалык объектилерди абадан көзөмөлдөөгө арналган "учуучу