Дастан Жумабеков: "Алтын өндүрүүчү ишканалардын салык ставкасын жогорулатуу мезгили келди"

Дастан Жумабеков: "Алтын өндүрүүчү ишканалардын салык ставкасын жогорулатуу мезгили келди"

Депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында ал консолидацияланган республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашканын белгилеп, бул чоң көрсөткүч экенин айтты. Ошол эле учурда, ал алтын казуучу ишканалар үчүн салык ставкаларын жогорулатуу менен бюджетке акча түшүүлөрдү дагы бир нече миллиард сомго көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

"2020-жылы алтындын бир унциясы 1 500 доллар турган, азыр болсо 4 450 долларга жетти. Баалар өсүп жатат, бирок ставкалар өзгөргөн жок. Менимче, убактысы келди", — деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алтын казуучу ишканалар салыктарды максималдуу ставка менен төлөп жатканын билдирди.

Бирок Жумабеков бул пикирге макул болбой, 2022-жылы Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенде алтындын баасы мынчалык жогору болот деп эч ким ойлобогонун белгиледи.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы бул маселе Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте талкууланарын айтты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Касымалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу менен таанышты

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду