Кыргызстанда өсүмдүк майы менен өзүн өзү камсыздоо 56,5%га жетти

Кыргызстанда өсүмдүк майы менен өзүн өзү камсыздоо 56,5%га жетти

Кыргызстанда өсүмдүк майын импорттоого болгон көз карандылык ички өндүрүштүн өсүшү жана кайра иштетүүнүн кеңейиши эсебинен азайып жатат, — деп билдирди Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча рынокту ички өндүрүштүн эсебинен камсыз кылуу деңгээли 2022-жылдагы 20,2%дан 50%га чейин өстү. Ал эми 2025-жылдын 11 айында өсүмдүк майын өндүрүү көлөмү болжол менен 18,5 миң тоннаны түзүп, өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 56,5%га жетти.
2025-жылы республикада майлуу өсүмдүктөрдү кайра иштетүү боюнча беш жаңы ишкана ачылды: бирөө Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда, ошондой эле Талас жана Чүй облустарында бирден. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө 9 ири жана 136 чакан кайра иштетүүчү ишкана катталган.

Кайра иштетүү кубаттуулуктарынын кеңейиши импорттун кыскарышына өбөлгө түзүп, ички өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү үчүн негиз түзүүдө. Ошол эле учурда Айыл чарба министрлиги майлуу өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүү сортторун киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. АКШдан, Россиядан, Казакстандан жана Түркиядан алынып келинген сорттор сыноодон өткөрүлүгөн.

Колдонууга уруксат берилген сорттордун мамлекеттик реестрине өндүрүштө туруктуу көрсөткүчтөрдү көрсөткөн сафлордун келечектүү "Петрович" сорту киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги бир катар объектилердин сапаты текшерилди

Бишкектеги бир катар объектилердин сапаты текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Айни көчөсүндө жайгашкан №69 орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектте оңдоо иштери аяктап, учурда

Ошто маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат

Ошто маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат

Ош шаарындагы борбордук базардын мурдагы ордуна жаңы маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат. 20-августта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана аталган жайдын менчик ээлери ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлду.  Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында байыркы Оштун тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана

Кыргызстандан Швейцарияга 91,8 кг алтын экспорттолду

Кыргызстандан Швейцарияга 91,8 кг алтын экспорттолду

Кыргызстан июнь айында чет өлкөгө 91,8 килограмм алтын экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, баалуу металлдын баары Швейцарияга жөнөтүлгөн. Буга чейин Кыргызстан алтынды акыркы жолу январь айында экспорттогон. Ошол учурда өлкөдөн 99 килограмм алтын чыгарылган. Андан кийин май айына чейин алтын экспорту боюнча соода катталган эмес. Ошентип, жыл башынан

Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа жана Хутор-Ак-Талаа айылдарында түнкү жарыктандыруу иштеринин жүрүшү менен ыйгарым укуктуу өкүл таанышты. Бул иштер райондук фонддун эсебинен каржыланып ишке ашууда. Нарын облустук админстрациясынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жалпы узундугу төрт жарым чакырым ички жолго жарыктандыруу орнотулуп, учурда иштер 90% аткарылды. Белгилей кетсек, Нарын