Жаңы жылдын биринчи күнүнөн тарта кандай өзгөрүүлөр болот?

Жаңы жылдын биринчи күнүнөн тарта кандай өзгөрүүлөр болот?

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда бизнеске, банк тармагына, салык салууга, социалдык чөйрөгө жана шаардык инфраструктурага тиешелүү бир катар чечимдер күчүнө кирет. Economist.kg расмий булактарда жарыяланган негизги өзгөрүүлөрдү топтоду.

Бизнести негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу

2026-жылдын 1-январынан тартып УКМК жана башка укук коргоо органдары ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну пландап жатышат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, негизги артыкчылык ак ниет бизнес өкүлдөрүнүн укуктарын коргоого жана экономикалык эркиндикти камсыздоого берилет. Ошол эле учурда мыйзамсыз иш жүргүзгөн адамдарга карата катуу жоопкерчилик чаралары сакталат.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда, анын ичинде каржы, энергетика, тоо-кен тармактарында жана калкты тейлөө борборлорунда коррупцияга каршы чаралар күчөтүлөрү айтылды.

Акча которууларды алууда комиссия алууга тыюу салуу

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда эсеп ачпастан жүргүзүлгөн эл аралык акча которууларды алууда комиссия алууга толук тыюу салынат. Бул чара 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары эл аралык системалар аркылуу которулган каражаттарды өлкө ичинде алууда алуучулардан кандайдыр бир комиссия кармап калууга укуксуз. Ал эми чет өлкөдө жөнөтүүчү тарабынан төлөнгөн комиссия бул тыюуга кирбейт.

Ошондой эле республикалык деңгээлдеги банк аралык которуулар үчүн комиссия алууга коюлган тыюу сакталат.

Чет элдик жумушчуларга айлыкты накталай эмес төлөө

2026-жылдын 1-январынан тартып жеке ишкерлер чет өлкөлүк жарандарга эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөөгө милдеттүү болот. Буга чейин бул талап юридикалык жактарга гана тиешелүү болчу.

Накталай төлөмгө өзгөчө учурларда гана жол берилет: банк инфраструктурасы жок болгон аймактарда, өзгөчө кырдаалдарда, сезондук жумуштарда, ишкананын эсептери камакка алынганда, ошондой эле Министрлер кабинети аныктаган айрым иш берүүчүлөр үчүн.

Накталай эмес эсептешүүлөрдөгү бузуулар үчүн жоопкерчилик

2026-жылдын 1-январынан тартып Салык кодексине өзгөртүүлөр күчүнө кирип, ишкер жеке жак катары катталган накталай эмес төлөм жабдууларын колдонгону үчүн жоопкерчилик каралат.

Каралган чаралар:

  • биринчи жолу бузганда — эскертүү;
  • кайра бузганда — жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул;
  • көп жолу кайталанганда — тиешелүүлүгүнө жараша 13 миң сом жана 65 миң сом айып пул.

Ошондой эле банктарга салык органдарына маалыматты бербеген же кечиктирип берген учурларда 65 миң сом айып пул салынат.

Бирдиктүү салык эсеби жана өсүмдөрдү кечирүү

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда Бирдиктүү салык эсеби (БСЭ) киргизилет. Ал салык төлөөчүлөргө бардык салыктык милдеттенмелерди бир эле төлөм менен аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Каражаттар биринчи кезекте эң аз суммадан баштап карыздарды жабууга, андан кийин учурдагы жана келечектеги милдеттенмелерге багытталат.

Ашыкча төлөнгөн каражаттарды кайтарып алуу салыктык карыз жок болгон шартта арыздын негизинде 5 жумушчу күндүн ичинде мүмкүн.

Ошол эле учурда социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өсүмдөргө жана айып пулдарга амнистия жарыяланат:

  • 2026-жылдын 1-январына карата негизги карыз жок болсо, өсүмдөр жана санкциялар автоматтык түрдө жоюлат;
  • 2026-жылдын 1-июлуна карата карыздар негизги сумма төлөнгөн шартта арыз менен жоюлат.

Сот системасын санарип форматка өткөрүү

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын сот системасы санарип форматта иштей баштайт. Иштерди толугу менен электрондук түрдө жүргүзүүгө — материалдарды тапшыруудан тартып чечим чыгарууга чейин — мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Негизги өзгөрүүлөр:

  • видеобайланыш аркылуу сот жыйындарына катышуу;
  • жыйындарды аудио жана видео жазуу;
  • кагаз каттардын ордуна электрондук билдирмелер;
  • соттор ортосунда иштерди санарип түрдө бөлүштүрүү.

Бул өзгөртүүлөр жарандардын адилет сотко жетүүсүн жеңилдетүүгө жана иштерди кароо мөөнөтүн кыскартууга багытталган.

Өзгөчө аймактардагы балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул

2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек арага жакын аймактарда жашаган, үчүнчү жана андан кийинки 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул төлөнө баштайт.

Төлөмдүн өлчөмү айына 3 миң сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттен каржыланат.

Кызматтык иш сапарлардын жаңы нормалары

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында кызматтык иш сапарлардын жаңы нормалары күчүнө кирет. Өлкө ичиндеги иш сапарларда суткалык акы аймактарда 1 миң сом, Бишкек шаарында 1,2 миң сом болот.

Турак жай жана жол кире документтер болгон учурда чыныгы чыгымдар боюнча, документтер жок болсо — белгиленген нормалар боюнча төлөнөт.

Чет өлкөгө иш сапарларда суткалык жана турак жай чыгымдары документсиз, бекитилген лимиттердин чегинде төлөнөт. Иш сапарга жөнөтүү иш берүүчүнүн буйругу менен жүргүзүлөт, кызматтык күбөлүк талап кылынбайт.

Кафе жана ресторандарда тейлөө акысына тыюу салуу

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында өзүнчө тейлөө акысы алынбайт. Тамак берүү, дасторкон жайуу жана кызматкерлердин эмгеги менюдагы баага киргизилиши керек.

Эсептеги акыркы сумма менюда көрсөтүлгөн бааларга толук шайкеш келүүгө тийиш. Ишканалар менюну жана кассалык программаларды алдын ала жаңыртууга милдеттүү. Баалар дал келбеген учурда керектөөчүлөр укугун коргоо органдарына кайрыла алышат.

Бишкекте Айтматов проспектисинин бир бөлүгүн жабуу

2026-жылдын 1-январынан тартып Бишкекте Айтматов проспектинин Семетей көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул чечим жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү жана жаңы токтоочу комплекстерди куруу менен байланыштуу.

Бийлик ишти майрам күндөрү, транспорт агымы аз маалда баштоону чечти. Реконструкциянын аяктоо мөөнөтү кийинчерээк такталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан