Ата мекендик ун өндүрүүчүлөр ун азыктарынын экспортун көбөйттү

Ата мекендик ун өндүрүүчүлөр ун азыктарынын экспортун көбөйттү

Өнөр жай тармагынын жөнгө салынган жана фискалдаштырылган режимде иштөөгө өтүшү өндүрүштү кеңейтүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын радионун түз эфиринде Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов билдирди.

"Бүгүнкү күндө биз продукцияны 5–6 өлкөгө экспорттоп жатабыз, бирок бул ун эмес. Биз даяр продукцияны — макарон жана кондитердик азыктарды — Россияга, Беларуська, Өзбекстанга жана Казакстанга жөнөтөбүз. Ишканаларыбыздын бири кондитердик продукцияны АКШга чейин экспорттоп жатат", — деди Жунушов.

Ал бул кошумча наркы бар продукция экенин белгилеп, аны өндүрүүдө жумуш орундар түзүлүп, өлкө ичинде кошумча киреше калыптанып жатканын айтты.

Ассоциация башчысынын айтымында, Кыргызстандын ун экспорттоо мүмкүнчүлүгү коңшу өлкөлөрдүн катуу атаандаштыгынан улам чектелүү.

"Жаныбызда чийки затты өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмү чоң болгон Казакстан турат, ошондой эле Өзбекстан да активдүү өнүгүп жатат — эгер 2015-жылы ал жакта 15–20 тегирмен болсо, азыр алардын саны болжол менен 200гө жетти. Алар Афганистандын рыногунда да иштеп жатышат", — деди ал.

Ошол эле учурда, Жунушовдун айтымында, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн макарон, лапша жана кондитердик продукция сегментинде жакшы келечек бар.

"Бул багытта бизде реалдуу өсүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Азыркы тапта башка өлкөлөргө экспорттолгон продукциянын көлөмү болжол менен 150–170 миллионду түзөт", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризм тармагынын экономикадагы ролу өсүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк 74 млрд сомдон ашып, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,8%ын түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылы 3,2% болгон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы туризм тармагына 87 млн доллардан ашык түз

Кара-Кулжада кум-шагылды мыйзамсыз казгандарга 26 миң сом айып салынды

Кара-Кулжада кум-шагылды мыйзамсыз казгандарга 26 миң сом айып салынды

Кара-Кулжа районунда кум-шагыл аралашмасын тиешелүү уруксатсыз казып алган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Дарыя дарыясынын жээгинен кум-шагылды мыйзамсыз казып алган эки жарандын ар бирине 13 миң сомдон, жалпы 26 миң сом айып салынды.

Коомдук иштер: беш облуста 1421 адам эмгеги үчүн азык-түлүк алды

Коомдук иштер: беш облуста 1421 адам эмгеги үчүн азык-түлүк алды

Июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын 15 районунда жана 3 шаарында акы төлөнүүчү коомдук иштер жана эмгек үчүн азык-түлүк жардам долбоорлору боюнча 45 демилге ишке ашырылды. "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" уюмунун маалыматына ылайык, коомдук иштерге жалпысынан 1421 адам катышып, эмгеги үчүн 410,26 тонна азык-

Чүйдөгү айнек өндүрүүчү ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт

Чүйдөгү айнек өндүрүүчү ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт

Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "ГЛАСС ЦЕНТР" ишканасы августтун аягында ишке кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Өндүрүштүк кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метр, жылына 144 миң чарчы метрден ашык өндүрүм чыгарууга жетет. Белгиленгендей, долбоордун негизги максаты