Автордук ишмердүүлүктү сыйлоо 2025-жылы 27 млн сомду түздү

Автордук ишмердүүлүктү сыйлоо 2025-жылы 27 млн сомду түздү

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2025-жыл ичинде автордук жана чектеш укуктар тармагындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, чогултулган автордук сый акынын суммасы 27 миллион сомдон ашты. Бул укук колдонуу практикасынын өсүшүн жана интеллектуалдык менчик объектилерин пайдалануу маданиятынын жогорулаганын көрсөтөт.

Отчеттук мезгил ичинде автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу боюнча колдонуучулар менен 358 лицензиялык келишим түзүлүп, ошондой эле автордук жана чектеш укуктардын 531 объектиси каттоодон өткөрүлгөн.

Көрүлгөн чараларды ишке ашыруу укук ээлеринин укуктук корголушун күчөтүүгө, креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын инновациялык экономикасы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россия балык жана мал чарбасы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Россия балык жана мал чарбасы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Алматы шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков менен Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда балык чарбасы, асыл тукум мал чарбачылыгы жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Россиянын өзгөчө экономикалык аймагында суу биоресурстарын кармоого

Бишкектеги Осмонкулов көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюу тапшырылды

Бишкектеги Осмонкулов көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюу тапшырылды

Бишкек шаарынын Осмонкулов көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жарандан жол, тротуар, люк жана арыктардын курулушу боюнча кайрылуу келип түшкөн. Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, узундугу 1370 метр болгон тилкедеги иштер учурда аяктоо стадиясында. Объект расмий кабыл алына элек. Капиталдык оңдоо иштерин "

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ушул күндөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Алар коомдук тартипти сактоого,

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Алматы шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тараптар азык-түлүк буудайын туруктуу жеткирүү, орус буудайын Казакстан аркылуу транзиттөө жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерин талкуулашты. Министрлер Кыргызстан менен Казакстандын агрохолдингдеринин