Кара металл калдыктарын экспорттоого тыюу салуу узарабы?

Кара металл калдыктарын экспорттоого тыюу салуу узарабы?

Экономика жана коммерция министрлиги кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Кыргызстандан чыгарууга убактылуу коюлган тыюуну узартууну сунуштоодо. Тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлер кабинетинин кара металлдарды ошондой эле кайра эритүү үчүн арналган куймаларды (шихталык куймалар) өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө сунушталган токтом долбооруна ылайык, тыюу мөөнөтү дагы алты айга узартылат. Тыюу ЕАЭБ дин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын (ТЭИТН) 7204 коду боюнча классификацияланган товарларга жайылтылат.

Республиканын аймагында жылына болжол менен 490 миң тонна кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон беш ири кайра иштетүүчү компания иш алып барууда. Металлургиялык ишканаларды колдоо максатында министрлер кабинети буга чейин түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарына экспорттук бажы төлөмдөрүн киргизген. Бирок, негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул чаралар экспорттун көлөмүн азайтуу үчүн жетиштүү деңгээлде натыйжалуу болгон эмес.

Тыюуну кайрадан киргизүү ички рынокто сапаттуу экинчи чийки металлга болгон жогорку суроо-талапты канааттандырууга мүмкүндүк берет дешет долбоорду иштеп чыгуучулар.

Мындан тышкары окуңуз

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты. Негизги көңүл майыптык

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC стандартынын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өтүп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитация лаборатория

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номери өзгөртүлгөнүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүдө унаанын документте көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтары дал келбегени белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык,