Чүйдө инвесторлор менен иштөө кластердик ыкмага өтөт

Чүйдө инвесторлор менен иштөө кластердик ыкмага өтөт

Чүй облусунда инвестиция тартуу жана инвесторлор менен иштөөдө бирдиктүү механизмдердин жоктугунан улам жаңы ыкма киргизилет. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов облустук коллегияда билдирди.

Анын айтымында, аймакты системалуу өнүктүрүү максатында негизги 6 комплекстүү долбоордун бири катары "Чүй инвестиция"долбоору кабыл алынды. Долбоор инвесторлор үчүн ачык, түшүнүктүү жана ырааттуу иш алып баруу системасын түзүүгө багытталган.

Ошондой эле Чүй облусунда айрым өндүрүш объекттери турак жайларга, мектептерге жана бала бакчаларга жакын жайгашып, экологиялык талаптар сакталбай келгендиги белгиленди. Ушуга байланыштуу 2026-жылдан тартып облус аймагында бардык жаңы объекттерди жайгаштырууда кластердик ыкма милдеттүү түрдө колдонулат.

Бул ыкма бизнес менен калктын ортосундагы мамилени жөнгө салууга, элдин ден соолугун коргоого жана аймакты туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн Чүй облустук администрациясында 2026-жылга карата иш-пландар жана келечектүү долбоорлор талкууланган коллегия өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты. Негизги көңүл майыптык

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC стандартынын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өтүп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитация лаборатория

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номери өзгөртүлгөнүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүдө унаанын документте көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтары дал келбегени белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык,