Мыйзамсыз кармалып келген салык төгүмдөр жүздөгөн Казакстандын жаранына кайтарылып берилди

Мыйзамсыз кармалып келген салык төгүмдөр жүздөгөн Казакстандын жаранына кайтарылып берилди

2024-2025-жылдардагы мыйзамдуулукту талдоо боюнча Казакстан Республикасынын Акмола облусунун прокуратурасы жеке киреше салыгын (ЖКС) чегерүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарынын системалуу түрдө бузулуп келгендигин аныктады.

Бул тууралуу аталган прокуратуранын басма сөз кызматы Zakon.kz маалымат агенттигине, бүгүн 13-январда билдирген.

Маалыматка караганда, Казакстандын Конституциясы бардык жарандардын теңдигин жана басмырлоого жол берилбестигин кепилдейт. Бул принципти ишке ашыруу үчүн салык мыйзамдарында I, II жана III топтогу майып адамдардын кирешеси жылына 882 эселенген айлык эсептик көрсөткүчтөн ашпаса, ЖКС төлөөдөн бошотулушу ачык каралган.

«Бирок, мыйзамдын так жоболоруна карабастан, мындай кызматкерлердин эмгек акысынан салыктар негизсиз кармалып келген. Прокурордук жөнгө салуунун негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 344 адамдын укуктары калыбына келтирилип, аларга мыйзамсыз кармалып келген 12,8 млн теңгеден ашык каражат кайтарылып берилди», - деп билдирген Акмола облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары окуңуз

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты. Негизги көңүл майыптык

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC стандартынын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өтүп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитация лаборатория

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номери өзгөртүлгөнүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүдө унаанын документте көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтары дал келбегени белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык,