2025-жылы Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү дээрлик 800 млрд сомду түзгөн

2025-жылы Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү дээрлик 800 млрд сомду түзгөн

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 799 млрд 740 млн сомду түзүп, кайра иштетүү тармактарында олуттуу өсүш катталды.

Эң жогорку өсүү темпи фармацевтика тармагында байкалып, продукция чыгаруу көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге жогорулаган. Ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 35,7%дык өсүш катталды.

Кайра иштетүү өнөр жайында төмөнкү багыттар боюнча оң динамика байкалууда:

  • жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия – 30,5% өсүш;
  • азык-түлүк продукциялары (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки буюмдары – 30,1% өсүш;
  • химиялык продукция – 19,8% өсүш.
Пайдалуу кендерди казып алуу көлөмү 14,2%га өстү. Ошондой эле энергетика тармагында да өсүү байкалууда: электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуу көлөмү генерациялоо жана бөлүштүрүүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 12%га жогорулады.

Мындан тышкары, суу менен камсыз кылуу жана калдыктарды тазалоо тармагында көрсөткүчтөр 21,4%га жакшырды.

Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) жалпы көлөмү 1,97 трлн сомго жетип, 11,1%га өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга 13 млн 638 миң сомдук электр жабдуулары алынып келинди

Кыргызстанга 13 млн 638 миң сомдук электр жабдуулары алынып келинди

Энергетика тармагын жаңылоонун алкагында бөлүштүрүүчү электр тармактары үчүн заманбап өлчөөчү трансформаторлордун биринчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабдуулар “Электр энергетика тармагын жаңылоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун 2-компоненти – “Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү” багытынын алкагында сатып алынууда. Бул максатта “АльянсСпецТех” ЖЧКсы менен жалпы 41 млн 640 миң сомдук

Кыргызстандагы АӨБ каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышы талданды

Кыргызстандагы АӨБ каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышы талданды

Финансы министрлигинде 2026-жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен каржыланып жаткан долбоорлордун ишке ашырылышы каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана долбоорлорду ишке ашыруучу

Кара-Көлдө тургундардын сунушу менен жаңы жол чырактар орнотулду

Кара-Көлдө тургундардын сунушу менен жаңы жол чырактар орнотулду

Кара-Көл шаарында көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруу тутумун жаңылоо иштери уланууда. Жарактан чыккан жол чырактары жаңыларына алмаштырылып, жарык жок көчөлөргө кошумча чырактар орнотулууда. Кара-Көл шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Бишкек – Ош жолунун калаага тиешелүү тилкесиндеги, ошондой эле Серый, Кулданбаев, Ленин жана Чубак ажы Жалилов көчөлөрүндөгү жол чырактар жаңыртылды.

Кара-Суу районунда чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүктөр кармалды

Кара-Суу районунда чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүктөр кармалды

Ош облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош ОИИБ менен Кара-Суу РИИБдин кызматкерлерине чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп, Кара-Суу районундагы айылдардын биринде жашырынып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.