Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жогорулатууну көздөйт

Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жогорулатууну көздөйт

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында транспорт жана логистика тармагында өлкөнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплекси каралганын "Кыргыз Экспорт" борборунун директору Урмат Такиров "B5+1" форматындагы V "Транспорт жана логистика боюнча регионалдык ишкердик күн тартиби" тармактык сессиясында билдирди.

Борбордун директору беш негизги артыкчылыктуу багытты белгиледи:

  1. Темир жол транспортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Тактап айтканда, жүк жүгүртүүнү жылына 15 млн тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.
  2. Кампа жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү. 2030-жылга чейин Кыргызстанда кеминде 1 млн чарчы метр жаңы кампа аянттарын пайдаланууга берүү каралууда.
  3. Республикалык маанидеги автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо. Урмат Такиров белгилегендей, тоолуу өлкө үчүн аймактардын транспорттук байланыштуулугу экономикалык өсүштүн тең салмактуу жана туруктуу болушун камсыз кылууда чечүүчү мааниге ээ.
  4. Кошумча наркты жана транспорт тармагынын экономикадагы ролун жогорулатуу. Бул тармактын ИДПга кошкон салымы жылына 1,5 млрд долларга жетет деп күтүлүүдө.
  5. Авиакаттамдарды өнүктүрүү, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу, аймактын туристтик жагымдуулугунун өсүшүн эске алуу менен.
Такиров акыркы 3–4 жыл ичинде логистиканын наркы олуттуу жогорулаганын белгилеп, бул альтернативдүү транзиттик коридорлорду өнүктүрүүнүн маанисин арттырарын айтты. Бирок мындай маршруттардын натыйжалуу иштеши үчүн Борбор Азия жана Закавказье өлкөлөрүн кошо алганда, бардык катышуучу мамлекеттер ортосунда эрежелерди жана жол-жоболорду шайкеш келтирүү, ошондой эле Түркия менен Грузиянын портторуна чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Ал ошондой эле "катаал" инфраструктураны өнүктүрүү менен катар "жумшак" компоненттерди — санариптик документтерди, бирдиктүү жол-жоболорду жана чек араларда алардын өз ара таанылышын киргизүү маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media