"Поезд менен Улуу Жибек жолу" долбоору ишке кирди

"Поезд менен Улуу Жибек жолу" долбоору ишке кирди

Британиялык Golden Eagle Luxury Trains туроператору люкс класстагы жаңы темир жол туру — "Поезд менен Улуу Жибек жолун" (The Great Silk Road by Train) ишке киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу эл аралык туристтик Travel and Tour World басылмасы маалымдады.

Маршрут 22 күнгө эсептелип, беш өлкөнүн — Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өтөт. Жолдун жалпы узундугу 3 миң 862 чакырымды түзөт. Саякат Пекин шаарынан башталып, Ташкентте аяктайт.

Турдун программасы Улуу Жибек жолунун негизги тарыхый жана маданий эстеликтерин камтыйт. Кытайда Тыюу салынган шаар, Улуу Кытай дубалы, Сиань шаарындагы Терракота армиясы жана Дуньхуандагы Могао үңкүрлөрүнө баруу каралган.

Өзбекстанда маршрут Самарканд, Бухара жана Хива шаарларын камтыйт. Бул шаарлар Улуу Жибек жолунун тарыхында маанилүү роль ойногон жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Экскурсиялык программадан тышкары кошумча иш-чаралар да пландалган. Алардын ичинде Гоби чөлүндө төө минүү жана Алматы шаарына жеке авиакаттам менен учуу бар.

Компаниянын жаңы маршрут тууралуу расмий материалдарында поезд Кыргызстан аймагында кайсы шаарлар жана станциялар аркылуу өтөрү, ошондой эле кайсы жерлерде токтоору азырынча так көрсөтүлгөн эмес.

Саякаттын баасы бир адам үчүн эки кишилик жайгашууда 50 миң 700 доллардан башталат. Бул суммага турак жай, тамак-аш, экскурсиялык программа, трансферлер жана камсыздандыруу кирет.

Алгачкы тур 2026-жылдын 21-сентябрынан 12-октябрына чейин өткөрүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media