"Кыргызфармация" 86 млн сомго дары сатып алууну көздөп жатат

"Кыргызфармация" 86 млн сомго дары сатып алууну көздөп жатат

Мамлекеттик "Кыргызфармация" ишканасы 2026-жылдын экинчи кварталы үчүн дары-дармек сатып алууну пландап жатат. Сатып алуунун жалпы суммасы 86 миллион сомду түзөрү мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалган.

Тизмеге өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын реалдуу муктаждыктарын чагылдырган дары-дармектер кирген.

Алардын ичинде антибиотиктер (амикацин, амоксициллин, цефалоспориндер), жүрөк ооруларына каршы дарылар (эналаприл, лозартан, аторвастатин), гормоналдык жана сезгенүүгө каршы каражаттар (преднизолон, гидрокортизон), интенсивдүү терапия жана анестезиология үчүн каражаттар (изофлуран, севофлуран, атракурий, бупивакаин)

Ошондой эле көзөмөлдөнүүчү заттар – кетамин, фентанил, трамадол, тримепиридин бар. Бул препараттар наркоз жана ооруну басаңдатуу үчүн колдонулат.

Мындан тышкары тизмеде психотроптук дарылар болгон диазепам, клоназепам, галоперидол, хлорпромазин, антидепрессант пароксетин да бар.

"Кыргызфармация" ошондой эле парентералдык тамактандыруу үчүн эритмелерди, антикоагулянттарды (гепарин, эноксапарин), ошондой эле парацетамол жана активдештирилген көмүр сыяктуу негизги каражаттарды да сатып алат. Тендерге арыздар 16-апрелге чейин кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. Жаңы чектөөлөр

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media
Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду. Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000

Ишкер Media
Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media