2050-жылга карата Казакстан кеминде үч атомдук электр станциясын курат

2050-жылга карата Казакстан кеминде үч атомдук электр станциясын курат

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бекиткен Атомдук тармакты өнүктүрүү стратегиясында стратегияга ылайык Казакстан Республикасында 2050-жылга карай кеминде үч атомдук электрстанциясы иштеп каларын Атомдук энергия боюнча агенттик билдирди.

"Биринчи АЭС долбоорун ишке ашыруу азыр башталды, экинчисинин курулушу кароо баскычында, ал эми үчүнчү АЭС үчүн перспективдүү багыт катары чакан модулдуу реактор технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат", — делет аталган агенттиктин маалыматында.

Былтыр февралда казак өкмөтү биринчи АЭС курула турган жерди бекиткен. Ал Алматы облусунун Жамбыл районунда, Балхаш көлүнүн жээгиндеги Улкен кыштагына жакын жерде курулмай болгон. Бийлик биринчи станцияны Россия саларын жарыялаган.

Айрым экологдор атомдук станциянын курулушуна каршы. Алар станция Балхаш көлүнө зыян келтирет деп эсептешет.

Жарандык активисттер, айрым саясат талдоочулар АЭС Россия тарабынан курулса, Казакстан энергетикалык жана саясий көз карандысыздыгын жоготот деген кооптонуусун билдирип жүрөт.

Бирок, чийки уранга, технологиялык жараяндарга Казакстан өзү көзөмөлдүк кыларын, оператор жана өндүрүүчү болорун Атомдук энергия боюнча агенттиктин башчысы Алмасадам Саткалиев билдирген.

Казак бийлиги АЭС куруу чечимин 2024-жылы кабыл алган. Анын алдында бул маселе жалпы элдик референдумга коюлуп, ага катышкандардын 71% АЭС курууну колдогонун бийлик расмий кабарлаган. Бирок, бул референдумда жасалма добуш берүүлөр болгону айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media